2025-жылдан баштап КАДКнун облустар аралык башкармалыктарынын жана баштапкы уюмдарынын төрагалары менен катчыларынын айлык маяналары жогорулатылды

2025-жылдын 1-январынан тартып, «Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр коому» (КАДК) облустар аралык башкармалыктарынын жана баштапкы уюмдарынын төрагалары менен катчыларынын айлык маяналарын 20% жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Бул көтөрүлүш уюмдун өнүгүүсүнө, майып адамдар менен иштөөдө координацияны күчөтүүгө жана ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга чоң салым кошуп жаткан жетекчилерди социалдык колдоого багытталган.

Айлык маянаны жогорулатуу чечими КАДКнун кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча жалпы стратегиясынын алкагында кабыл алынды. Ошондой эле бул кызматкерлердин ишке болгон мотивациясын жана иштин сапатын арттыруу максатын көздөйт. Бул маанилүү кадам уюмдун өз кадрларына камкордугун жана баалуулугун көрсөтөт.

КАДКнун борбордук аппараты бардык төрага жана катчыларга алардын тынымсыз эмгеги, кесипкөйлүгү жана ишке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет. Айлык маянаны жогорулатуу – бул алардын эмгегин баалоо жана мындан аркы жигердүү ишмердүүлүктү стимулдаштыруу болуп саналат.

Бул чечим бардык деңгээлдеги иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана уюмдун структурасын бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

 

С 2025 года увеличены заработные платы председателям и секретарям межобластных правлений и первичных организаций КОС и КОГ

С 1 января 2025 года Общественное объединение «Кыргызское общество слепых и глухих» (КОС и КОГ) приняло важное решение об увеличении заработных плат председателям и секретарям межобластных правлений и первичных организаций на 20%.

Данное повышение направлено на усиление социальной поддержки руководителей, которые вносят значительный вклад в развитие организации, координацию работы с людьми с инвалидностью и реализацию различных проектов.

Решение об увеличении заработных плат было принято в рамках общей стратегии улучшения условий труда сотрудников КОС и КОГ, а также для повышения мотивации и качества работы. Это важный шаг, который свидетельствует о внимании и заботе организации о своих кадрах, работающих на местах.

Центральный аппарат КОС и КОГ выражает благодарность всем председателям и секретарям за их неустанную работу, профессионализм и преданность делу. Увеличение заработной платы – это признание их заслуг и стимулирование дальнейшей активной деятельности на благо людей с инвалидностью по зрению и слуху.

Мы уверены, что данное решение будет способствовать укреплению организационной структуры и повышению эффективности работы на всех уровнях.

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *