Кымбаттуу айымдар!
Сиздерди Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 8-Март – Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн – аялзатына болгон урмат-сыйдын жана терең ыраазычылыктын белгиси. Чынында, жылдын ар бир күнү – бул аялдардын күнү. Сиздердин мээримиңиздер, акылыңыздар, камкордугуңуздар жана түгөнгүс күчүңүздөр коомдун, үй-бүлөнүн, маданияттын жана эмгектин өнүгүшүндө баа жеткис рол ойнойт. Сиздер шыктандырасыздар, жылуулук тартуулайсыздар жана кандай гана кыйынчылыктар болбосун, аларды жеңүүгө күч табасыздар.
Сиздерге болгон урматтоо, ыраазычылык жана сүйүү жалгыз гана 8-мартта эмес, ар бир күнү коштоп жүрсүн! Жашооңуздар кубанычка, бейпилдикке жана бакытка толсун! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бардык баштаган ишиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайм!
Терең урматтоо менен,
Канат Жапаров,
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Төрагасы
Дорогие женщины!
От имени Кыргызского общества слепых и глухих и от себя лично сердечно поздравляю вас с Международным женским днем – 8 марта!
Этот день – лишь напоминание о том, что каждый день в году – это день женщин. День вашей доброты, мудрости, заботы и неиссякаемой силы. Ваш вклад в развитие общества, семьи, культуры и труда бесценен. Вы вдохновляете, создаете уют, преодолеваете трудности и всегда находите в себе силы дарить тепло окружающим.
Пусть уважение, признательность и любовь окружают вас не только 8 марта, но и каждый день. Пусть ваша жизнь будет наполнена радостью, гармонией и благополучием. Желаю вам крепкого здоровья, семейного счастья и успехов во всех начинаниях!
С глубоким уважением,
Канат Жапаров, Төрага КОС и КОГ