20- сентябрь күнү Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун адистештирилген республикалык китепканасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгына карата коомубуздун таланттуу инсандары менен тааныштыруу цикли улантылып, кезектеги коногу Аданов Замир келди. Жолугушууда акындын чыгармачылыгы менен таанышып, кыргыз тилинин азыркы күндөгү орду, мааниси жана келечеги тууралуу кызыктуу маек болду.